Соцфонддун башчысы "каражатты туура эмес пайдаланды" деген дооматты четке какты

Мухамметкалый Абулгазиев ведомствонун каражаттары мыйзам боюнча иштетилип жатканын айтат
  18.04.13   13:50
 367

Социалдык фонддун башчысы Мухамметкалый Абулгазиев парламент депутаттарынын "каражаттарды туура эмес колдогон" деген айыптоосун четке кагат. Ошол эле маалда ал мамлекеттик кызматкерлердин материалдык жактан сыйлоо жагын караган "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" мыйзамга шилтеме кылат. Бул мыйзамга ылайык социалдык ведомствонун биринчи жетекчилерине жүз жана миң сомдон ашык сыйлык берилген.

Абулгазиев камсыздоо төлөмдөрүн чогултуу акыркы үч жылда 12 млрд сомдон 19 млрд сомго чейин жеткенин белгиледи. Бул пенсинын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле маалда пенсияга чыккандардын саны өсүп жатат жана учурдагы төлөмдөргө каражат көп керек.

"Парламентте Соцфонд убактылуу эркин кармалган 500-600 млн сом банктын депозитине жайгаштырбагандыктан 793 млн сом жоголгон деп айтышты. Бирок бул мүмкүн эмес. Өлкөдөгү пенсиялык система бирдей жоопкерчиликтүү. Акча төлөөчүлөрдүн камсыздоо төлөмдөрү дароо эле азыркы пенсияны берүүгө жумшалат. Жүгүртүүдөгү акча дайыма керек, ошондуктан аны узак мөөнөткө сактоо мүмкүн эмес",- деп түшүндүрдү "ВБ"га Абулгазиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222843

 Комментарийлер:
#1  
2013-04-19 13:48:40 Цитата / 0 / -

КР Социалдык фондунун торагасына

Абулгазиевге

Ак-Суу районун жана Каракол шаарынын тургундарынан

АЧЫК КАТ

Ысык-Колдогу шумдук корунуштор!

Бизге угулган маалыматка караганда Ак-Суу райондук соцфонддун жетекчилигине Жаныбекова Дамира деген айым келет имиш. Ал ким?!

Жаныбекова Д. Акаев жана Бакиевдин доорунда индомдун директору, райкенештин торайымы, соцфонддун начальниги болуп иштеген. Ошол кездеги бийликке берилгени районго эле эмес,бут облуска белгилуу.

Алсак 2010-ж. Бакиевдерге элдин кыжыры кайнап, оппозицияда жургон азаматтарыбыз мекенибиздин келечегин ойлоп Туп районуна келгенде аларды аялдар жумуртка менен согуп,кубалаганда бут кыргыз элине колдун тургундары уят болгонбуз. Ошол жумуртка операциясынын автору Жаныбекова Д. болгон,ал жонундо тартылган видео тасмалар укук коргоо органдарында азыр да бар.

7-апрель революциясынан кийин Жаныбекованын жасаган былыктары,эки жуздуулугу ачык айкын айтылып,соцфонддун жааматы кескин турдо жумуштан кетирген.

Ушундай адамдарды мамлекеттик кызматка коюу туура болобу?

Биздин оюбузча бул кандайдыр бир тушунуксуз, кадрдык баш аламандык жана абийирсиздик деп эсептейбиз.

Эгерде Жаныбекованы облсоцфонддун координатору Абдылдаев Мелис Абдырасулович сунуштап жаткан болсо, анда ал озу ким деген суроо ойго келет.

Ал, Абдылдаев М., акыркы жылдарда соцфонд чойросундогу кадрлар саясаты тескери жургузгон жагынан эн корунукту “ишмер” болду. Соцфонддордун жетекчилерин озу билемдикке салып, каалагандай алмаштыра берет. Азыркы учурда Абдылдаев соцфонд уюмдары озунун менчигиндей эсептеп калды. Ошол эле учурда ото эле ыплас, адамкерчилиги жок, мыйзамга баш ийбеген адам катары белгилуу. Мисалы: Бишкек шаарынын улгайган орус улутундагы аялдан алдамчылык жол менен уй сатып алып, анын акчасын бербей сызга отургузуп баса берген, бул аферасы жонундо КТР каналынан бут элге маалымат берилген, бирок эч кандай тыянак чыккан эмес. Андан тышкары баласы Марлен Ысык-Кол районунда прокуратурада иштеп журуп, пара алып кармалган, аны куткарып алыш учун туугандарын баласын багып алдым деп каттап, Марлен азыр декреттик отпускада.

Ушунун баарын коруп, билип турган губернаторубуз Асанакунов М. кандай ойдо болду экен? Ансыз деле анын Кумтор боюнча аброю тушуп турган кезде ойдо жакта айтылган корунуштор ого бетер элдин бийликке болгон ишеним жокко чыгарып, кыжырын келтирип жатат.

Сиз жана биздин жетекчилер калыстык менен ушундай корунушторду таразалап, туура жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.