Батукаевдин ден соолугу жайында экенин да айткан дарыгерлер болгон

  18.04.13   13:49
 328

"Батукаевдин ден соолугу жайында, алты саны аман экенин айтып чыккан даыргерлер да болгон экен", - деп бүгүн, 18-апрелде, Азиз Батукаевдин мамлекеттен чыгарылып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттык комиссия алгачкы күндөрдөн баштап эле, иликтөө ишин жабык режимде өткөрүп келет. Бүгүн комиссия мүчөлөрү өз жыйынына Батукаевдин ишине тиешелүү медиктерди чакырышты.

Сапарбаевдин айтымында, "Медиктерге тиешелүү маселелер бүтө элек. Саат сайын жаңы маалыматтар келип жатат. Мисал үчүн Батукаевдин ден соолугу чың экен деп чечим чыгарган дарыгерлер да болгон экаен. Бирок аларды андан аркы ишке жакындаткан эмес. Бир нерсени алдын ала айтуу азырынча оор болуп турат", -деп маалымдады.

Эске салсак, криминалдык авторитет Азис Батукаевди медиктердин рак оорусу менен ооруйт деп тастыктаган чечиминин негизинде,9-апрелде, №4 Нарын СИЗОсунан бошотулган. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен кошо Кыргызстандан чартер рейси менен Грозныйга учуп кеткен. Парламенттик жыйында Мамкаттоонун төрагасы Эрлан Сапарбаев, Батукаевге паспорт камакка алгандарга документ берүү буйругунун негизинде жасалганын айтып жатат. Бирок, "Интел Линкс" ЖЧКсынын генералдык директору Таалайбек Жумадылов, мыйзамдагы уурунун чет жерге чыга турган паспорттун персонификациялоо фактысын мойнуна алган жок. Бул маселени иликтөөгө атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222844

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.