Бозумчак кенин иштетүүгө шарт түзүүнү өкмөттөн талап кылышты

  18.04.13   13:55
 345

Бүгүн, 18-апрелде, парламенттин жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматов өкмөттөн Жалал-Абад областындагы Бозумчак кенин иштетип баштоого чараларды көрүүнү талап кылды.

Анын айтымында, өкмөттөгү чиновниктер "Кыргызстанды инвесторлор үчүн жагымдуу кылышыбыз керек",- деп көп айтышат, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалбай жатат. "Бүгүн Кумтөр кенинен тышкары "Казахмыс" компаниясы иштетип жаткан Бозумчак кенин эксплуатацияга киргизүүнүн акыркы баскычында турабыз. Мага өкмөттүн инвестор менен өз ара байланышы жоктой сезилип жатат. Жергиликтүү тургундар күн сайын митингге, пикетке чыгууда, комиссия барып текшерет, бирок жыйынтык жок. Мисалы, кечинде Чаткалда эл 30 чакырымдык жолду асфальттап бергиле деп талап кылышты",- дейт Пирматов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222845

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.