Жээнбеков Жолдошованы спикер болгусу келип жатат го деп шектенди

  18.04.13   14:00
 345

Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошованы анын орунда "талапкер болгусу келип жатат го" деп күмөн санайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн, 18-апрелдеги парламенттин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, Жолдошева бүгүнкү жыйында парламенттин жетекчилигин алмаштыруу зарылдыгы, анын ичинде спикердин кызматында "күчтүү фигура" иштеши үчүн төраганы кайра шайлоо тууралуу бир нече жолу айтып чыккан.

Жээнбековдун пикиринде, Жолдошова күн сайын спикерди кайра шайлоо маселесин көтөрүп чыга бериши мүмкүн. "Бул анын укугу, мейли ал күн сайын менин кызматтан кетишимди айта берсин. Мен ага таарынбайм. Балким ал өзү төрага болгусу келип жаткандыр? Бизде менден тышкары дагы 119 депутат бар. Алардын ар бири спикердин кызматына татыктуу. Ошондой эле спикер болуш үчүн мыйзамга жана эрежелерге ылайык нормалар бар",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222846

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.