Милиция жол кырсыгынан каза болгон кыздын ким экенин аныктоого жардам сурайт

  18.04.13   14:05
 349

Ысык-Ата РИИБинин из кубарлары жол кырсыгынын айынан каза болгон кыздын аты- жөнүн аныктоо үчүн элден жардам сурап жатат. Бул тууралуу милициянын райбөлүмүнүн иликтөөчүсү билдирди.

Алардын айтымында, Бишкек-Торугарт трассасынын 3.00до 7-чакырым аралыгында жүргүнчү сүзүлгөн. Азиат улутундагы, 20-25 жаштагы чоң кыз алган жаракатынан дароо каза болгон.

Өзгөчө белгилери: дене түзүлүшү арык, бою 160-165 см, чачы кара коңур түскө боелгон. Кийген кийими спорттук күрмө менен джинсы шым.

Каза болгон кыздын ким экенин аныктоого жардам бере алгандардын бардыгын (0552) 48-88-54 номуруна чалуусун милиция кызматкерлери суранышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222847

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.