Саляновадан кызматтык "Лексус" унаасын кайсы каражатка алганын сурашты

  18.04.13   14:23
 285

Бүгүн, 18-апрелде, парламенттин жэыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Улукбек Кочкоров генералдык прокурор Аида Салянова кайсы каражатка "Лексус" маркасындагы жаңы машинесин сатып алгандыгын текшерүү керек деп айтып чыкты.

Генпрокурор буга эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун айтты. "Мен 2011-жылы сатылып алынган Lexus GX 470 унаасы менен жүрөм. Мага чейинки прокурор "Гелендваген" тээп жүргөн, ал 35 литр бензин ичет экен. Бул машинеге өтө көп каражаттын кетээрин байкап, үнөмдөө максатында Lexus GX 470 сатып алдык. Байкасаңар, LX эмес, GX", - деп жооп кайтарды. Далили жок, куру кыйкырык менен күнөө коюуну башкалардан да токтотуусун суранды.

Буга Кочкоров, бюджеттин секвестирлөөсү болуп жаткан кезде мамлекеттик каржы ресурстары мындан да үнөмдүрөөк пайдаланылса болмок, деп баса белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222848

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.