Салянованы Атахановдон үлгү алып, кызматынан убактылуу кетүүгө чакырышты

  18.04.13   14:37
 358

Бүгүн, 18-апрелде, депутаттар "Кыргызстандын башкы прокуратурасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отетун угабызбы же жокпу?",- деп талашка түштү.

Күн тартибине ылайык депутаттар бүгүнкү пленардык жыйында башкы көзөмөл органынын 2012-жыл үчүн даярдалган отчетун угууну пландашкан.

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Курманбек Осмонов парламенттин баардык эле профилдик комитеттери Башкы прокуратуранын отчетун карап чыгышпаганын жана чечим чыгарышпаганын эскертти. Бул Жогорку Кеңештин регламентине каршы келет.

Атажуртчу Улукбек Кочкоров кечээ мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча түзүлгөн убактылуу комиссия өкмөткө башкы прокурорду да убактылуу кызматтан четтетүүгө сунуштама бергенин кошумчалады.

"Эгерде комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тартип бузуу байкалса эмне болот? Мен буга ишенимдүү эмесмин, бирок мындай коркунуч бар. Эгерде биз бүгүн отчетту колдосок, андан кийин Батукаевдин иши боюнча тартип бузуу байкалса кантебиз?,-деп түшүндүрдү ал.

Бирок бир катар депутаттар "Батукаевдин ишинин Башкы прокуратуранын жумушу тууралуу отчетуна эч кандай тишеси жок",- деп белгилешти

"Республика" фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев Коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атаханов убактылуу кызматынан кеткендиги тууралу арыз жазганын эскертти. "Кечээ комиссия ээлеген кызматынан Аида Салянованы дагы убактылуу четтетүү тууралуу өкмөткө сунуштаган. Ал муну расмий түрдө аткарсын",- дейт депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222849

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.