Жайыл сотунун соту ууруну камакка алуунун ордуна үй камагына чыгарып койду

  18.04.13   14:51
 342

Жайыл сотунун соту ууруну камерага отургузуунун ордуна үй камагына чыгарып жиберген. Бул тууралуу Чүй РИИБсинин пресс-кызматы кабарлады.

Өткөн жуманын соңунда, жергиликтүү милиция бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы Ленин көчөсүнөн, 40 жаштагы Бишкектин жашоочусу көчө уурусунун курмандыгы болду деген билдирүү келип түшкөн. Кылмышкер алгач аны сабап, андан кийин 36 миң сомдук кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган. Андан кийин кол салуучу жактырып калган куртканы чечип берүүсүн талап кылган.

Милициялар бир нече саата эле шектелген адамды кармашкан. Ал 35 жаштагы жергиликтүү жашоочу болуп чыккан.

Бирок, райондун соту камакка алынганды камерага отургузган жок, болгону үй камагы менен гана чектелди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222850

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.