Бектен Сыдыгалиев: Үй камагы сууну кургатып, караны агартып коет

ИИМ менен КККнын ортосундагы кагылышуудан кийин Бектен Сыдыгалиевди кепке тартып, тиешелүү суроолорду узаттык.
  18.04.13   15:15
 456

Эки күндүн биринде чиновниктердин чоң-кичинесине карабай кылмыш ишин козгогон Коррупцияга каршы кызматы эл ишенимине киргени менен алардын ИИМ менен болгон кагылышуусу шек жаратпай койгон жок. Коррупцияга каршы күрөш, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик жана Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланышкан суроолорго УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиевден жооп алдык.

- Сиздер менен ИИМ кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалга эмне себеп болгон? Болгон окуяга эки кызмат эки башка түшүндүрмө берип жатканын кандай түшүнсөк болот? Же бул кезектеги мекемелер арасындагы тирешпи?

- УКМКнын КККнын кызматкерлери менен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ортосунда болуп өткөн окуя туурасында биздин расмий маалыматтарыбызда так көрсөтүлгөн. 12 апрель күнү КККнын кызматкерлеринин мыйзамдуу жана соттун санкциясынын негизинде милиция кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармоо учурунда акыркылар тарабынан күч колдонуу менен каршылык көргөзүлгөн. Мындай жагдай тилекке каршы коомчулук тарабынан көптөгөн кайчылаш пикирлерди жаратууда. ИИМдин акыркы расмий маалыматтарына таянсак, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин ал жактын жетекчилиги катуу сынга алууда. Эң өкүндүргөнү, мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жери жок да. Буга чейин Панфилов районунда, андан кийин Шлагбаумда, жакында эле Сокулук районунда дал ушундай көрүнүштөр орун алган. Бул фактылардын негизинде тиешелүү тыянактарды чыгарсак болот. Бирок эмнеси болсо да бир жактуу баа берүүдөн кармалып туралы. Сиздерге маалым болгондой аталган окуя боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылды. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алды. Иликтөө иштеринин натыйжасында күнөөлүү адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүнө толук ишенебиз.

- Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишинде чоң коррупциялык схема бар деген сөз канчалык деңгээлде чын? ККК бул боюнча кандай чара көрөт?

- Бул маселе боюнча учурда парламентте атайын комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат. Комиссия иштеп бүткөн соң, ал өзүнүн жыйынтыктарын өкмөткө жиберет. Эгер Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мыйзам бузуулардын же коррупциялык элементтердин коштоосунда болгону тастыкталса, анда сөзсүз түрдөө өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.

- Сиздер тараптан кылмыш иши козголгон адамдар көп өтпөй эле соттун чечими менен эркиндикке чыгып жатышат. Буга эмне себеп?

- Кептин баары соттор кылмышка шектүү деп кармалган адамдын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө башталат. Маселе ушул жерде. Көп учурда соттор шектелген адамдарды убактылуу кармоочу жайдан үй камагына бошотуп жатышат. Эгер үй камагындагы адамдар үйүнөн эч жакка чыкпай, башка адамдар менен байланышпаса бир жөн эле. А бизде болсо каалаган убагында каалаган адамы менен каалаган жагына ээн-эркин чыга алат. Бир гана чет өлкөгө чыга албайт. Сот залынан негизсиз түрдө үй камагына камалган адам бир сөз менен айтканда каалаганын кыла алат. Ал эми бул учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жаткан болот. Балким айыпталып жаткан адам соттун чечими менен түрмөгө кесилиши да мүмкүн да. А үй камагындагылар тергөө иши жүрүп жатканда күбөлөргө таасир этет, аларга керек болсо коркутуу жолу менен басым көрсөтөт. Анан эле сот болгондо күбөлөрдүн баштапкы көрсөтмөсү 180 градуска өзгөрүп кетет. Биз болсо айла жоктон күбөлөрдү айыпталган тараптан жашырууга туура келип жатат. Бир сөз менен айтканда соттор үй камагына чыгаргандан кийин башында паракорчулук боюнча кылмыш иши козголсо, күбөлөрдүн көрсөтмөсүн өзгөртүп отуруп соңунда алдамчылык беренесине өзгөрүп кеткен учурлар да болот. Эгер шектүү адам тергөө иштери бүткөнчө убактылуу кармоочу жайда отурган болсо кеп башка болмок. Жалпылап айтканда буга чейин биз эки адамга кылмыш ишин козгосок сот сөзсүз түрдө бирөөнү үй камагына чыгарган. Сот керек болсо кылмышка шектүү адамдын кылган иштерин тастыктаган видео материал турса да ушундай чечим чыгарып салышы мүмкүн. Биз ушундан аябай жапа чегип жатабыз.

- Анда сотторду тазалап алып анан коррупцияга каршы күрөшүш керек экен да...

- Менимче коррупцияга каршы күрөш да, сот реформасы да бир учурда параллелдүү түрдө жүрүш керек. Эми сот системасын реформалоо оңой-олтоң иш эмес. Баштаган ишти токтотпош керек. Буга чейин министрлерге, депутаттарга каршы кылмыш иштери

козголчу эмес. Козголгон күндө да соттолгон учур болгон эмес. Анткени бийликтин эрки жок болчу. Ал эми азыр болсо Президент Атамбаев өзү демилгечи болуп коррупцияга каршы күрөшөлү деп жатат. Бул бизге кепилдик болуп берет жана жемкор аткаминерлерге коркпой-үркпөй кылмыш ишин козгой алабыз. Коррупцияга каршы күрөш бийлик башындагылардын эркинен көз каранды. Алар эрктүү болсо биз да аларга таянып, ишенимдүү түрдө иш алып барабыз.

- Азыркы учурда тиешелүү органдар тарабынан коррупцияга каршы бирдиктүү күрөш жүрүп жатабы же ар ким өз арбайын согуп жатабы?

- Учурда коррупцияга каршы Башкы прокуратура, УКМК жана башка күч органдары күрөшүп жатат. Бирок Кыргызстандагы коррупциянын масштабын эске алсак бул органдар аздык кылат. Анткени коррупция абдан кеңири жайылган. Бир сөз менен айтканда ушул органдардын баары бирдиктүү иш алып барып жатат деп айтсак болот. Азыр жемкорлукка каршы күрөшкө Эсеп палатасы да кошулду. Бул кызматтын башына Эльмира Ибраимова келгенде кадимкидей иш алдыга жүрө баштады деп айтсам болот.

- Күч органдарынын кызматкерлерине каршы козголгон иштердин баарын сиздер тергейсиздерби же ич ара өздөрү териштирип алышабы?

- Эгер биз ИИМдин же башка күч түзүмүнүн кызматкерин кармай турган болсок ал анын жасаган кылмыш ишине гана байланыштуу болот. Тагыраагы ИИМ менен КККнын ортосунда же жетекчилердин мамилесинде эч кандай тирешүү жок. Биз буга чейин деле бир катар ИИМ кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп келгенбиз. Баары фактыларга негизделгендиктен эч кандай ызы-чуу болгон эмес. Биз мыйзам чегинде гана иштейбиз. ИИМдин жетекчилиги деле өз кызматкерлеринин тазаланышына кызыктар болсо керек.

- Жемкорлукка каршы күрөшүүдөгү барьер катары эмнени айтат элеңиз?

- Бизде азыр барьер деле жок. Сот реформасын деле ишке ашырса болот. Биздин кызматкерлердин маяна, техника маселеси деле акырындык менен жолго коюлуп келатат. Биз эң негизгиси аз да болсо элдин ишенимине кире алдык. ККК коррупцияны азайта алат. Мурда күч органдары, коррупция, экономикалык кылмыштарга каршы канча киши иштесе азыр деле бизде ошончо киши иштеп жатат. А бирок иштин жыйынтыгы асман менен жердей. Анткени биз өз ишин мыкты билген кадрларды тандай алдык. Эң негизгиси бизге бийлик тарабынан жана эл тарабынан колдоо болсо коррупцияны жеңсе болот.

- Коррупцияга каршы күрөшкөндөрүн арасында коррупционерлер жокпу? Деги эле бул кызматка кадрларды кандай критерий менен тандайсыздар?

- Эгер коррупцияга каршы күрөшө турган орган коррупцияланса анда кылган ишибиздин баары бекер десек болот. Эми бизге профессионализм да керек, бирок биздин кызматкер эң биринчи кезекте таза адам болуш керек. Таза эмес адамды таза кылыш абдан кыйын. Биз үй-бүлөсүнөн тарбиясы жакшы кызматкерлерди гана тандайбыз. Негизи коррупциялык аракеттердин, коррупциянын алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Эл ичинде профилактика иштерин улантуу зарыл. Мамлекеттик кызматтардагы коррупциянын гүлдөп жатышына адам фактору себепкер болуп жатат. Ошондуктан мамлекеттик кызматка таза адамдарды тартыш керек. Мунун баары кадрдык саясаттан көз каранды. Эгер мамлекеттик аткаминер мекени үчүн иштей турган болсо эч качан пара албайт. Эгер ал өз элинин патриоту болсо маянанын аздыгына да кайыл болуп иштемек. Сингапур менен Гонконг 20-40 жыл дегенде гана жемкорлукту минимумга жеткирди. Коррупцияны 100 пайыз жоюш мүмкүн эмес. Бирок биздин максат коррупцияны колдон келишинче азайтуу. Азыр врачтар, мугалимдер "абайлагыла ККК иштеп жатат" деп чочулап калышты. Биз эң ириде жемкорлукка, паракорлукка каршы турууну жаштардын арасында жакшылап пропаганда кылышыбыз шарт. Анткени алар эртең эле жетектөөчү органдарга келишет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222851

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.