Депкомиссия Батукаевдин канынын анализдери туура эмес деп күмөн санап жатат

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кан анализинде бир катар туура эмес жагдайлар аныкталды.
  18.04.13   15:08
 428

Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде, журналисттерге убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Анын айтымында, комиссия мүчөлөрү Батукаевдин канынын анализи чын экенинен күчөн санап жатышат. "Анын курч лейкоз экени абдан шек туудуруп жатат. Мындай диагноз медицинада жок",- дейт Бакир уулу.

Ал камактан ушундай ыкмалар менен кылмышкерди бошотуу Акаевдин убагында болгонун баса белгиледи. "Чоң кылмышкерлер ден соолугу таптаза туруп эле абакта жаткан оорулуулардын анализдери жана диагноздорун пайдаланышчу. Жыйынга чакыртылган дарыгерлер Батукаевге туура диагноз койгонду унутуп калдык дешет. Ушундай да болмок беле?",- дейт депутат.

Бакир уулу ошондой эле Нарын сотунун судьясы Батукаевге карата туура эмес чечимдерди чыгарганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222852

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.