Нефтини кайра иштетүүчү завод жылдын соңунда тесттик режимде иштей баштайт

  18.04.13   15:11
 284

Бүгүн, 18-апрелде, "Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү завод (НКИЗ) жылдын аягында тесттик режимде иштеп баштайт", - деп вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Синьцзянь эл аралык соода компаниясынын ушу күнгө чейин тез арада чечүүнү талап кылган эки маселеси бар эле. Бул темир жол бутагын жылдыруу жана газ түтүгүн алып келүү. Бул маселелрдин бардыгы ийгиликтүү чечилди. Мындан аркы да пайда болгон маселелерди ушундай эле оперативдүү чече алабыз деген ишеничтемин. Жылдын соңуна чейин НКИЗ тесттик режимде иш жүзүнө киргизилет деп үмүттөнөм", - деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле, Сарпашев иш графиги ийне-жибине чейин такталып, ар бир пунктка жоопкерчиликтүүлөрдүн дайындалышы менен кылдат түзүлүшү керектигине басым жасады. "График түзүлсө мөөнөттү текшерүү оңой болот, жана керектүү учурда ишти токтотпой туруп, пайда болгон маселелерди чече берүү мүмкүн", - деп аныктама берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222853

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.