Токтогул ГЭСинин кубатуулугун көбөйтүүдөн баш тартышты

  18.04.13   15:27
 323

"Азыркы учурда ликвидация жумуштарын жүргүзүү ишке ашып жатат",- деп билдирет "ВБ"га "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун эксперти Алексей Зырянов.

"Гидродолбоор" жана "Гидро атайын долбоордун" адистери Токтогул ГЭСинин экинчи кезектеги курулуштарын куруу абалын изилдеп чыгышкан жана курулушту мындан ары улантуудан баш тартуу чечими кабыл алынган.

"Кошумча гидро агрегаттарды куруу зарылдыгы жок болуп чыкты. ГЭСтин нормалдуу иштөөсүнө коркунуч пайда болот экен. Буга чейин жүргүзүлгөн жер алдындагы иштер тескери натыйжаларды берди. Суунун фильтрацияланган агымдары пайда боло баштады",- деп кебин тактады эксперт.

"Токтогул ГЭСинин экинчи кезектеги курулуштарын куруу чечими совет мезгилинде Борбор Азия бириккен энергетикалык чынжырчасына күч келтирүүнү токтотуш үчүн кубатуулукту көбөйтүү максатында кабыл алынган",- дейт Зырянов. Жалпы кубатуулугу 1 200 мегаватты түзгөн биринчи кезектеги төрт гидроагрегатка ар бири 300 мегаваттык эки гидроагрегатты кошумча куруу пландалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222856

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.