Санкт-Петербургдагы кыргызстандыктарды орус тил курстарына чакырышат

  18.04.13   15:38
 420

Кыргызстандын жана башка Орто Азия мамлекеттеринен келген эмгек мигранттарын орус тил курстарына активдүүрөөк катышууга чакырып жатышат. Санкт-Петербургдагы Федералдык миграциялык кызматты башкаруунун жетекчиси Елена Дунаева билдиргендей, жогорудагыдай орус тил курстары мурда деле Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин алдында бар болчу, бирок, азыр алардын желеси кеңейе баштады. Алар орус тилин жакшы билбеген эмгек мигранттарына багытталган, себеби, жаңы талапка ылайык, алар жумушка орношууга уруксаат алуу үчүн тиешелүү тестирлөөдөн өтүшү абзел.

"Россияда өкмөт тарабынан бекитилген "Миграция" программасын алгачкы кабыл алган шаар болуп Санкт-Питербург эсептелет. Шаардын жетекчилиги адаптация жолу ийгиликтүүрөөк болуусу үчүн башка да программаларды иштеп чыгып жатат", - деди Дунаева.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222857

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.