Өкмөт Каракол шаарынын мэринин кызматына үч талапкер сунуштайт

  18.04.13   16:18
 287

Өкмөт 30 күндүн аралыгында Каракол шаардык кеңешинин кароосуна калаа мэринин кызматы үчүн үч талапкер сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде, "ВБ"га вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүркановдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды.

"Премьер Өмүркановдун Каракол шаарынын башчылыгынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызына кол койду. Бир айдын ичинде өкмөт шаардык кеңештин кароосуна үч талапкерди сунуштайт",- деп белгиледи Сарпашев.

Вице-премьердин айтымында, мэрдин кызматына талапкерлер азырынча аныктала элек.

Эскерте кетсек, 6-мартта шаардык кеңештин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө вотумуна байланыштуу Каракол шаарынын мэри өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222859

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.