ЭВФнын миссиясы "Залкар Банкты" тез арада сатууну же жоюну сунуштайт

  18.04.13   17:03
 324

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы Кыргызстандын расмий органдарына тез аранын ичинде "Залкар Банкты" жоюу же сатууну, мунун менен катар парламент менен байланышып акча адалдоо жана каржылык терроризм менен күрөшүш үчүн мыйзамдык негиздерге оңдоо киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун миссиясынын жетекчиси Кристиан Беддистин билдирүүсүндө айтылат.

"Байланыштарды тиешелүү турдө камсыздоочу туруктуу жана бир калыптагы инвестициялык климат, жеке менчиктин укугун коргоо, бюрократизмди кыскартуу инвестиция тартып келүүдө жана жеке сектордун алдыңкы ролун өстүрүүгө түрткү берет",- деп айтылат катта.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 10-апрелинде Бишкекке ЭВФнын башында Беддис турган миссиясы келген. Анда кеңейтилген алкакта насыялык механизмдерди жардамы аркылуу ишке ашып жаткан программалардын төртүнчү тааныштыруусунун талкуусу болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222862

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.