Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

  19.04.13   07:46
 342

Бүгүн, 19-апрелде, саат 9дан 17ге чейин Бишкектин Матросов көчөсүндөгү Скрябинден Ахунбаев көчөлөрүнө чейин, Коммунаров, Кудрук, Азовская, Республиканская, 7-линия, Ремесленная, Гагарин көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле убакытта Кара–Балтадагы Космонавт көчөсүндөгү №1-4 көп кабаттуу үйлөрдө, ошондой эле Жайыл районундагы Алексеевка айылынын бир кысымында (Центральная, Ватутин, Космонавт көчөлөрүндө); Сокулук айылындагы (Мельничная, Центральная, Новая, Белинский, Фрунзе көчөлөрүндө); Аламүдүн районундагы Жогорку Ат-Башы, Гроздь, Дачное, Учхоз айылдарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Маалыматка караганда, аталган аймактарда электр жарыгынын өчүрүлүшү, "Түндүкэлектр" ААКнын оңдоп түзөө иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222863

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.