Москвада укук бузуучулардын алдыңкыларынын арасында кыргызстандыктар да бар

  19.04.13   07:51
 433

2013-жылдын 1-кварталында 20 миңден ашуун кылмыш жана административдик укук бузуулар, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары тарабынан жасалган. Бул тууралуу 17-апрелде, Москва боюнча Орусия ИИМдин башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган маалымат жыйынында белгилүү болду.

Коомдук тартип башкармалыгынын башчысынын орун басары Владимир Поздновдун айтымында, кылмыш жасагандардын активдүү бөлүгү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Молдова жана Украинанын жарандары болуп саналат.

Айтымында, кылмыш кылгандардын баарын эле эмгек мигранттары деп эсептебеш керек. Алардын 70 пайызы укук бузуу маалында эч бир жерде иштебей жүргөндүктөрү аныкталган. Ал эми 15 пайызы буга чейин соттолуп чыккандар.

Москвада 2013-жыл үчүн түзүлгөн эмгек квотасына ылайык, расмий түрдө 200 000дей мигрант иштеши керек. Бирок аткаруу комитетинин маалыматына караганда, Орусиянын борборунда мыйзамсыз түрдө 2 млн мигрант болушу мүмкүн. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары да аз эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222864

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.