Казакстан мамлекеттик академиялык бий театрынын гастролу акырына чыкты

  19.04.13   07:57
 347

Казакстан Республикасынын мамлекеттик академиялык бий театрынын гастролу акырына чыкты. Кечээ, 18-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында көрөрмандар бир актыдан турган эки балетти көрө алышты. Алардын бири орус жана совет композиторлорунун музыкасына таандык "Анна Павлова- Орус балетинин ак куусу" жана "Ынкылаптын ителгилери".

Балетке келгендердин көпчүлүгүн жаштар түздү. Алар режиссерго жана балетмейстерге терең ыраазычылыктарын билдиришти. "Маданияттын бир сындырымын ала келгениңиздерге ыракмат", деп ыраазы болушту.

Эске салсак, алматылык артисттер Бишкекке келгенде алгач эле Чайковскийдин "Ак куулар көлү" жана совет композиторунун музыкасына таандык "Тынчтык, эмгек, май" аттуу балетти тартуулашкан. Экинчи күнүндө Жорж Биздин "Кармен", Игорь Корнелюктун "Мастер жана Маргарита" балеттерин элдин сынына коюшкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222866

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.