Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны өсүүдө

  19.04.13   08:03
 414

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны өсүүдө. Өмүрүнүн акырына чейин абакта күн өткөрө тургандардын саны азыркы тапта 268. Алар тергөө абактарынын жана мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өзгөчө режимдеги колонияларында кармалышууда.

"Күзөттүн мөөнөтүн эчак өтөп бүткөн инженердик-техникалык каражаттарынын эскиргендигинен улам, эркинен ажыратылгандар качып кетүү, массалык башаламандык уюштуруу, көтөрүлүш чыгаруу, барымтага алуу сыяктуу көйгөйлөрдү жаратуу коопсуздугу азыркы тапта көбүрөөк", - деп билдирди өкмөт аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жакыпов.

Анын айтымында, аталган категориядагы жарандар үчүн Жаны-Жер айылында 200 орундуу атайын корпустун курулушу 2007-жылдан бери уланып келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222868

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.