Техастагы заводдо болгон жардыруудан ондогон адам жарадар

  19.04.13   09:44
 282

Американын Техас штатындагы Уейко шаарына жакын жердеги жер семирткичтерди чыгарган заводдо болгон жардыруудан ондогон адам жарадар болду.

Жардыруунун себептери азыркы учурда белгисиз. Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча жардыруу болгон жерде бир топ имаратты өрт каптап, анын ичинде камалып калган адамдар болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Жардыруу Уейкодон 20 чакырым аралыктагы Уест шаарчасында жергиликтүү убакыт боюнча 19:50 дө болду. Бул шаарчада 2700 адам жашайт.

Жабыркаган адамдардын так саны айтыла элек, бирок жарадарларды алып кетүү үчүн алты тик учак жана көп сандаган тез жардам автоунаалары жиберилгени айтылууда.

KWTX-TV телеканалына жергиликтүү тургундун берген маалыматына караганда ал заводдон 20 км аралыкта бир нече жардыруунун үнүн уккан.

"Үч бомба жарылгандай болду ", - деди жергиликтүү тургун Лидия Циммерман.

Техас штатынын губернатору Рик Перри өзүнүн билдирүүсүндө: Биз кырдаалга көз салып жана маалымат топтоп жатабыз. Биз бардык ресурстарды ишке киргиздик. Биз Уестанын жашоочулары үчүн сыйынып жатабыз ",-деди.

Би-Би-Си кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222871

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.