Сирияга согушка кетти делгендерди Түркия прокуратурасы териштирүүдө

  19.04.13   09:50
 306
 

Сирияга согушка кетти деп шектелген кыргызстандыктарды Түркия прокуратурасы издөөдө. Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулу Мирлан Арстанбаев "Азаттыкка" депутат Өмүрбек Бакиров Түрк прокуратура өкүлдөрү менен кездешкенин айтып, жарандарды Сирияга жөнөтүү-жөнөтпөө жагы тактала элек экенин баса белгиледи:

- Бул маселе консулдуктун көзөмөлүндө. Консулдуктун бир кызматкери ошо жерде (прокуратурада) жана 24 саат бою байланышта. Ата-энелерден келген маалымат боюнча түрк тарабы 11 кишинин аты-жөнүн берди. Тизмедегилерден беш адам чек арадан өтүп, бул жакка (Түркияга) келгени аныкталды. Аларды Сирияга жөнөтөт же жөнөтпөйт деген маалымат аныктала элек. Бул жөнүндө алардын ата-энелеринин эле сөзүнөн билип жатабыз.

Жаштар тобун Кызыл-Кыя менен Аравандын мечиттеринен азгырып, Түркия аркылуу эки жылдан бери согуш жүрүп жаткан Сирияга алып кетишкенин кечээ Жогорку кеңештин мүчөсү Дастан Жумабеков маалымдаган эле.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222873

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.