Куткаруучулар үйдө бекинип алган балага жардам көрсөтүштү

  19.04.13   09:50
 296

Бишкек шаарындагы 5-кичирайонунда куткаруучулар үч жашар балага жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери билдиришти.

Белгилүү болгондой, баланын энеси бир нече мүнөткө жакынкы дүкөнгө чыгып кеткен. Үйдө калган бала энесини чыгары менен эшикти бекитип алган. Эшикти кантип ачуу керектигин түшүндүргөн чоңдор эч кандай жыйынтыкка келе алышкан эмес.

Жардамга келген куткаруучулар батирге 7-кабаттын балконунан түшүүгө аргасыз болушкан. ӨКМдин кызматкерлери баланы чочутуп албаш үчүн мүмкүн болушунча тынч кыймылдоого аракет кылышкан. Бөлмө аркылуу акырын өтүп, кире бериш эшикти ачышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222874

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.