Бишкекте оор атлетика боюнча өспүрүмдөр таймашы өтүп жатат

  19.04.13   10:11
 409
 

Кечээ, 18 апрелде, Бишкекте оор атлетика боюнча уландар жана кыздар арасында республиканын биринчилиги үчүн эки күндүк мелдеш башталды. Оордук көтөрүү таймашы 15 салмактык категорияда өтүп жатат. Таймашта алдыңкы орунду ээлегендер оор атлетика боюнча өлкөнүн курама командасына алынат, деп билдирет "Марал" радиосу.

"Мелдештин башкы максаты Бишкекте өтчү Азия чемпионатына мыкты спортчуларды тандоо",- дейт оор атлетика боюнча федерациянын вице - президенти Улан Молдодосов. Буга чейин Азиянын оор атлетика федерациясынын башкы катчысы Али Моради оор атлетика боюнча өспүрүмдөр жана чеберлер арасында Азия биринчилигин К.Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүүгө макулдук берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222875

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.