Манас районунун бизнесмендери томат пастасын Россияга экспорттошот

  19.04.13   10:12
 330

Ушул жылы томат пастасын чыгарган заводду Таластагы Манас районунун Покровка айылында ишке киргизүү пландалган. Болочок ишкананын инвесторлору да, ээлик кылгандары да кыргызстандыктар экени белгилүү болду.

"Акыркы мезгилде биздин аймактын жашоочулары буурчак өстүрүүгө өтө башташкан. Бирок, климаттын өзгөрүшү, бул айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келген. Жергиликтүү жашоочулар бара-бара жер-жемиштерди өстүрүүгө өтө баштаган", - дейт курулуп жаткан заводдун ээлеринин бири Сейит Маматаев.

Анын айтымында, алар учурда 20 жакын жумушчу алышты. Алардын айлыгы 8ден 12 миңге чейин. Өндүрүш толук кандуу иштей баштаганда алар 80 адамды жумуш орду менен камсыздашат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222876

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.