Өзгөн районундагы бала бакчада өрт чыкты

  19.04.13   10:33
 349

Өзгөн районундагы бала бакчада өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери маалымдашты.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат кечээ, 18-апрелде, таңкы саат 6ларда бала бакчага кичине балдар келе электе эле келип түштү. Өрт балдардын уктоочу бөлмөсүндө чыккан. Ал жактагы эки кабаттуу керебеттер күйүп, от күчөй берген. Жетишип келген ӨКМдин кызматкерлери бир сааттын ичинде отту токтотушкан. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, өрттөнүү электрочынжырындагы кыска чыңалуусунун наыйжасында келип чыкты.

Өткөн бир сутка ичинде Кыргызстанда 5 өрттөнүү катталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222878

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.