23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Китепстан" акциясы өтөт

  19.04.13   10:43
 539

23-апрелде бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Китепстан" акциясы өтөт. Бул тууралуу "Кыргыз маданият борбору" кабарлайт.

Иш-чаранын уюштуруучулары: маданият, маалымат жана туризм министрлиги, миграция, эмгек жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын китеп палатасы, Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын китеп чыгаруучу жана китеп таратуучулар ассоциациясы, "Диалог Евразия" коомдук фонду, "Ыйык Ата-журт" коомдук жаштар фонду. Ошондой эле региондордо облустук китепкана миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгү менен "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду бирге китеп окуу акциясын өткөрөт.

Бишкектеги китеп жарманкесинде китеп сатып алуу менен бирге белгилүү жазуучу жана акындардан кол тамга алууга мүмкүнчүлүк болот. Китеп жарманкеси эрте менен башталып, кечке чейин уланат.

Маалымдагандай, иш-чаранын расмий ачылышы саат 14.00дө массалык китеп окуу акциясы менен башталат. Ар бир келген конок өз китебин ала келет жана 15 минута китеп окуйт. Бул акция республика боюнча бирдей убакытта өтөт. Андан кийин искусство чеберлеринин концерттик программасы менен коштолот. "Китеп искусствосу" улуттук конкурсунун сыйлыктары тапшырылат.

Бул иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн китеп окууга буруу болуп саналат, дейт жарманкенин уюштуруучулары.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222879

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.