Кодексте митинг жана демонстрацияларды тынчтык жыйыны деп өзгөртүштү

  19.04.13   10:52
 314

Кечээ, 18-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 14-мартында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын өзгөртүү киргизүү" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Белгиленгендей, бул мыйзам ар бир жарандын тынчтык жыйындарга болгон укугуна байланыштуу коомдогу мамилелерди башкаруу мыйзам актыларын "Тынчтык жыйындары тууралуу" мыйзамга тууралоо максатында кабыл алынган.

Мыйзам тарабынан Административдик кодекстин 392 жана 564- беренелерине жана Кылмыш кодексинин 148-беренесине редакицялык мүнөздөгү гана өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мында, мурда колдонулуучу "жыйын, митинг, көчө жүрүш, демонстрация" дегендердин ордуна "тынчтык жыйыны" деген түшүнүк киргизилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222880

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.