Кыргызстандын күрөш спортчулары Азии чемпионатында үч коло байге алып келишти

  19.04.13   11:06
 354

Кыргызстандын грек-рим күрөшү баоюгнча спортчулары Азия чемпионатында 3 коло байге утуп келишти. Бул тууралуу "ВБ"га КРдин грек-рим күрөшү боюнча федерациясынан билдиришти.

Коло медалдарды 55 кг салмактагы Каныбек Жолчубеков, 60 кг чейинки салмакта Арсен Эралиев жана оор салмакта (120 кг га чейин) Мурат Рамонов алышты.

Бүгүн, 19-апрелде, күрөшкө 74кг, 84кг, жана 96кг салмактагы Руслан Царев, Аман Токтогонов жана Азат Бейшебековдор чыгышат.

Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында 18-апрелде старт алган. Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана аялдардын күрөшү боюнча үч курама команда катышып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222881

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.