Шамалды-Сайда үч аял "хизбутчу" деп шектелүүдө

  19.04.13   11:22
 345
 

Бул тууралуу Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мухидин Толубаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аялдардын үйүн тинткенде "Хизб-ут Тахрир" уюмуна таандык китептер жана баракчалар табылды. Экспертиза менен далилдөө үчүн бул материалдар Ошко жөнөтүлдү.

Өткөн айда да Шамалды-Сайда дагы бир аял Кыргызстанда тыюу салынган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар жана компакт-дискттер менен кармалган. Аталган шаарчада буга чейин да диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелген аялдар тобу колго түшкөн болчу.

ИИМдин 10-башкармалыгынын жетекчиси Таалай Акбаев Кыргызстанда бардыгы болуп 1,5 миңден ашык адам диний экстермисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турарын, анын дээрлик 86 пайызын "Хизб-ут Тахрирге" киргендер түзөрүн "Азаттыкка" маалымдаган.

Кыргыстанда сегиз диний уюм экстремисттик-террорчул деген кара тизмеге киргизилген, алардын ичинен эң кооптуусу деп "Хизб-ут Тахрир" уюуму аталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222883

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.