Атамекендиктер шаарлардын чек арасын аныктоо үчүн комиссия түзүүнү сунушташты

  19.04.13   11:22
 318

Бүгүн, 19-апрелде, "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Таш-Көмүрдүн мэри Бекболот Минбаев депутаттарга шаардын чек аралары тууралуу айтып берди.

Административдик-территориалдык реформасынын демилгечилеринин бири – фракция лидери Өмүрбек Текебаев "биздин шаарлар акыркы жыйырма жылда кыла өзгөрдү, бирок көпчүлүгүнүн чек аралары так белгиленген эмес", - деп билдирди. Анын фракциялашы Райкан Төлөгөнов бул иш чарага комиссия түзүүнү сунуштады. "Ноокен районундагы көпчүлүк балдар Таш-Көмүрдө окушат, ошол жактагы бейтапканаларга көрүнүшөт, бирок шаарга караштуу эмес. Территориалдык тиешелүүлүк маселелерин жеринде изилдеп чыгып, Ноокен райкеңешинин депутаттары менен сүйлөшүү керек", - деди Төлөгөнов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222884

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.