Кыргызстандын делегациясы ЖККУнун ишмердүүлүгүн пландоого катышты

  19.04.13   11:46
 343

16-апрелден 18-апрелге чейин Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бириккен штабында (БШ) штаб башчысы генерал-лейтенант Александр Студеникиндин жетекчилиги астында ЖККУга мүчө болгон өлкөлөрдүн делегацияларынын, уюмдун катчылыгынын өкүлдөрүнүн, БШнын бөлүктөрүнүн жетекчилери-офицерлердин катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү. Кыргызстандан кеңешмеге республиканын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү барды.

Консультация ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын каражаттарын жана күчтөрүн, ошондой эле башкаруу органдарын толук ыкчам жана аскерий даярдыкта болуусунун биргелешкен иш-чараларын пландоого арналган. Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, олтурумда 2014-жылдын планы жана 2020-жылга чейинки иш-чаралардын тизмеги каралды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222887

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.