Коалициялык көпчүлүк Рысалиевди ишинен убактылуу бошотууну колдоду

  19.04.13   12:10
 297
 

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк Азиз Батукаевдин иши териштирилип бүткүчө Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди кызматынан убактылуу бошотуп туруу боюнча депутаттык комиссиянын сунушун колдоду. Бул тууралуу көпчүлүктүн лидери Феликс Кулов кабарлады.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Батукаев боюнча депутаттык комиссия мурда күнү вице-премьер-министр Шамил Атахановду, башкы прокурор Аида Салянованы, Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди, Нарын шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовду, адистешкен прокурордун жардамчысын, Нарындагы абактын башчысынын орун басары Абылгазиевди кызматтан убактылуу четтетүүнү сунуштаган. Көп өтпөй Атаханов өз эрки менен кызматын убактылуу тапшырган.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222892

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.