СДПК энергокомпаниялардын башчысын он күндүн аралыгында дайындоону талап кылды

  19.04.13   12:38
 284

Бүгүн, 19-апрелде, парламенттин СДПК фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдон кандай себептер менен "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорун тандай албай жатышкандарына кызыкты.

"Акыркы бир нече айдан бери "Чыгыш электр" жана "Түндүк электрде" жетекчилер жок. Бул кызматты алыш үчүн көбү чоң суммада пара берүүгө даяр экени баарына дайын. Эмне үчүн ушул кезге чейин компания жетекчилери дайындала элек? Же сиздер чоң акча бере турган талапкерди таппай жатасыздарбы?",- деп сурады депутат.

Калмамбетов жооп кылып "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорлугуна талапкер болуп жаткандардын атын атады. "Бул кызматка 15 адам талапкер болуп жатат. Мындай учурда ал тургай министрди дайындоо оңой болушу мүмкүн",- дейт ал.

Өз кезегинде депутат Жусупали Исаев компаниялардын башчыларын 10 күн аралыгында дайындоону талап кылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222894

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.