Энерго алып жүрүүчүлөрдү сатып алыш үчүн 4 миллиард сом бөлүнөт

  19.04.13   12:42
 302

Энергетика жана өнөр жай министрлиги үстүбүздөгү жылы мазут, көмүр, жана газ сатып алыш үчүн 3,8 млрд сом бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде, парламенттин СДПК фракциясынын жыйынында ведомство башчысы Автандил Калмамбетов билдирди.

"800 миң тонна көмүр алуу пландалып жатат, анын бир бөлүгүн Казакстан жеткирет. Ошондой эле өкмөттүн тапшырмасы менен 300 миң тонна жергиликтүү көмүр сатылып алынат. Газ боюнча маселе жок, анткени Өзбекстан жана Казакстан менен газ жеткирүү боюнча келишим бар. Мазутка келсек кыйынчылыктар бар, бирок энергетиктер аны "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коомунан сатып алышат",- деп билдирди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222895

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.