Өлкөнүн ички керектөөсүн аныкташ үчүн талдоо борборун түзүүнү талап кылышты

  19.04.13   13:12
 310

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын керектөөсүн аныктоону сунуштады. Депутат бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде, фракция жыйынында билдирди.

Анын айтымында, заманбап маалымат технологиялары мамлекеттин чыгашасын кыскартууга мүмкүндүк түзөт. "Кимдир-бирөө мамлекеттин керектөөсүн эсептеп көрдүбү? Мисалы, тигил же бул районго канча мектеп керек дегендей. Түшүнүп турам азыр акча жок. Бирок биз колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну билишибиз зарыл",- дейт Бекешев.

Парламентчи республиканын керектөөсүн эсептей турган талдоо борборун түзүү зарылдыгын белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222896

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.