"Республика" өкмөткө ишенбөөчүлүк вотумун билдирүүгө чакырып жатат

Бүгүн, 19-апрелде, "Республика" фракциясынын жыйынында Алтынбек Сулайманов өкмөткө ишенбөөчүлүк вотумун билдирүү жөнүндө маселени көтөрдү.
  19.04.13   14:17
 329

"Өлкөдөгү жагдайды эске алганда азыркы иштеп жаткан өкмөт мүчөлөрүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин көтөрүү зарыл, андан кийин парламенттин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө ойлонсо болот",- деп белгиледи ал.

Депутат Кенжебек Бокоев министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотуму менен консультация баштоо керек экенин айтты.

"Башка фракциялардын депутаттарынын дагы ушундай ойлору бар жана биз жарга такалдык. Биз башка оппозициялык фракциялар менен консультация баштообуз керек",- деген пикирин билдирди ал.

Мындан улам республикачылар аталган маселени жабык режимде жүргүзүүнү чечишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222898

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.