"Республика" фракциясы "Кумтөр" боюнча келишимди денонсация кылууну колдоду

  19.04.13   14:24
 350

"Республика" фракциясы бүгүн, 19-апрелде, өзүнүн жыйынында "2009-жылдагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттарды денонсация кылуу жөнүндө" мыйзам долбоорун колдоду.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдиргендей, аталган мыйзам долбоорун колдоого ал Кыргызстандын 10 миңден ашуун жаранынын колун топтогон.

"Долбоорду колдоо зарыл, анткени элдин кызыкчылыгына каршы келишим түзүлгөн",- деп белгилейт ал.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия өкмөткө "эгерде компания менен макулдашууга жетишилбесе келишимди денонсация кылуу керек",- деген чечимин сунуштаганын айтты.

Эскерте кетсек, 21-февралда парламент өкмөткө "инвесторлор менен компромиске келүү мүмкүн болбогон чакта "Кумтөр" долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишимди денонсация кылуу тууралуу тапшырма берүү менен "Кумтөр" боюнча токтомду колдогон.

Мамлекеттик комиссия тараптарга сүйлөшүүгө үч ай мөөнөт берген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222899

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.