Республикачы депутат парламентти таратууга чакырды

  19.04.13   14:37
 285

"Бийлик өлкөдөгү жагдайды көзөмөлдөбөй калды, ошондуктан парламентти таратуу керек",- деп билдирди бүгүн, 19-апрелде, парламенттин "Республика" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев.

Анын пикиринде, өлкөдө кризис башталды. "Укук коргоо органдарынын ортосунда согуш жүрүп жатат. Бүтүндөй бир министрликтер бири-бири менен атышып жатат. Бул бийлик өлкөнү башкара албай калды деген сөз. Мыйзамдагы ууруларды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарып жиберишет. Андан соң парламентте аны бошотулушун иликтөө боюнча комиссия түзүшөт",- деп нааразыланды Бокоев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222900

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.