Өкмөт башчы Россияга жумушчу иш сапар менен барат

  19.04.13   15:24
 348

22-23- апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясына жумушчу сапар менен бармакчы. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Иш сапардын жүрүшүндө Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык, буга чейин энергетика, аскер жана каржы тармагында жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди ишке ашыруу тууралуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланмакчы.

Жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан - Россия соода-экономикалык, илимий техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 15-жыйыны өткөрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222904

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.