Алтын кендеринин салык эмес төлөмдөрүн жергиликтүү бийликке берүүнү сунуш кылышт

  19.04.13   15:28
 303

"Алтын кендерин иштетүүчүлөрдүн салык эмес төлөмдөрүн райондук жана айыл администрацияларынын ортосунда адилеттүү түрдө бөлүшүбүз керек",- деп билдирди бүгүн парламенттик СДПК фракциясынын жыйынында "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматов.

Анын айтымында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында каражаттарды бөлүштүрүү боюнча бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү зарыл, ага кен иштетүүчүлөрдөн төлөмдөр которулат. "Эгерде кенчи 30 тонна алтындан ашкан жалпы мамлекеттик маанидеги кен болсо 50 пайыз которуу областтын өнүгүү фондуна багытталууга тийиш, 30 пайыз- райондун өнүгүүсүнө, 20 пайыз- айылдык же шаардык аймакка бөлүнүүгө тийиш",- деп белгилейт Пирматов.

Пирматов Кыргызстандын кээ бир аймактарында мындай каражаттар топтолуп, калганын бирок жарандар бул акчаларды ким менен кантип бөлүшөрүн билбей жатышканын да белгилеп өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222905

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.