Лаврованы "Ар-Намыс" менен кызматташкысы келбегени үчүн жемелешти

  19.04.13   15:32
 294

""Ар-Намыс" фракциясынын 12 депутатынан 177 ар кандай кайрылуулар түшкөн, 35 пайыз кайрылуу канааттандырылды",- деп билдирди бүгүн, 19-апрелде, парламенттин "Ар-Намыс" фракциясында болгон жыйында Каржы министри Ольга Лаврова.

Жыйында депутат Абдырахман Маматалиев "Каржы министрлигинин башчысы ар-намысчы депутаттар менен активдүү кызматташпайт",- деп нааразыланды. Ал Жогорку Кеңештин фракцияларынын квотасы боюнча дайындалган министрлер бул фракциялар менен активдүү иштешүүгө тийиш. "Бирок сиз биз менен эч кандай иштешпей жатасыз",- деп кайрылды депутат Лавровага.

Министр "партиянын ар бир мүчөсү менен кантип байланышуу керек деген маселе туулган жок. Мага фракциядан бир катар депутаттар кайрылышты. Болгон күчүбүз менен алардын өтүнүчтөрүн карап чыктык",- деп жооп узатты Лаврова.

Министр ошондой эле суроолорго жооп берип жатып, анын кеңешчиси "Ар-Намыс" партиясынын мүчөсү экенин белгиледи. "Ал аркылуу тигил же бул маселе боюнча кайрылсаңыздар болот",- дейт Лаврова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222907

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.