Жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо өткөрүш үчүн 15 миллион сомду коротушат

  19.04.13   15:41
 282

26-майга белгиленген Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүш үчүн 15 млн 475,4 миң сом кажет. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Чыгашалардын мындай тизими Боршайкомдун кеңешмесинде бекитилди. Боршайкомдун аппаратынын каржы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгына бекитилген тизим аркылуу каржылоону ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, кайрадан жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо "Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгилөө жөнүндөгү" жана "Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл менен Чүй областтарындагы жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо өткөрүү жөнүндөгү" президенттин жарлыгына ылайык, 26-майга белгиленген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222909

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.