Бостондо атышуу болду

  19.04.13   16:20
 322
 

Бостон шаарында дагы бир каргашалуу окуя болду. Бейшембинин кечинде дүйнөдөгү таанымал окуу жайлардын бири - Массачусетс технологиялык университетинин кампусунда белгисиз бир адам ок чыгарды, деп билдирет "Азаттык" .

Күзөтчүлөрдүн бири алган бир нече жараатынан көз жумду. Полиция жарым сааттан кийин шектүү адамды университеттин аймагынан кармады. Спорттук кийимчен жигит уурдалган унаа менен качып кетүүгө аракеттенген. Полиция шектүүнү кармап жатканын көргөн фотограф Гейб Рамирез CNN телеканалына "полиция шектүү делген адам айдай качкан машинени тосмолоп туруп, ичиндеги кишиге тышка чыгууга буйрук берип, анан кармап кетишкенин" айткан.

Полиция азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Массачусетс технологиялык университетинин интернет сайты кампустун ичиндегилерди тышка чыкпоого, университеттин аймагы кооптуу болушу мүмкүн деп эскертүүдө.

Кечээ президент Барак Обама 15-апрелдеги марафондук жарыш маалындагы террордук жардыруунун курмандыктарын эскерүү үчүн Бостон шаарына барган.

Дүйшөмбүдөгү кош жардырууда 3 киши өлүп, 170тен ашуун адам жарадар болгон. АКШ бийликтеринин билдиришинче, байкоочу видеокамера тарткан тасмадан удаа-удаа жардырууга тишеси бар деп шектелген бир адам аныкталган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222913

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.