АӨБдүн өкүлдөрү менен Токтогул ГЭСин жаңылоону талкуулашты

  19.04.13   16:32
 309

Бүгүн, 19-апрелде, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КРдагы Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Рий Хироак, АӨБдүн Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин энергетика бөлүмүнүн директору Рун Стромду жана ошондой эле АӨБдүн Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин энергетика бөлүмүнүн башкы адиси Джим Листонду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Токтогул ГЭСин жаңылоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун баскычтары талкууланды. Бул максатта АӨБ 40 млн долларды грант түрүндө жана 15 млн долларды насыя түрүндө бөлүп бермекчи. Биринчи фазага ылайык, долбоорду ишке ашыруу 2014-жылдын башынан тартып ишке ашат жана ал эки жылга эсептелген. Анда электр жана механикалык жабдууларды сатып алуу жана алмаштыруу пландалууда. Экинчи фаза кубаттуулукту көбөйтө турган генераторлор менен трубиналарды ремонттоону өз ичине камтыйт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222914

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.