Аксы районунун акими уулу үчүн кызматынан убактылуу четтеди

  19.04.13   16:44
 369

Жалал-Абад областынын Аксый районунун акими Медетбек Айдаралиев анын уулуна карата кылмыш иши козголгонуна байланыштуу ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

Айдаралиевди иликтөөнүн учурунда кызматынан четтетүү тууралуу буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Чечим кылмыш ишин объективдүү иликтөөнү камсыз кылыш үчүн кабыл алынганы айтылат.

Аксы районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруу райондук администрациянын башчысынын биринчи орун басары Шайлообек Кубатбековго жүктөлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, Аксы районунун акиминин уулу "унаага май куючу жайдан ири суммадагы акча уурдаган",- деп шектелип кармалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222917

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.