Премьер: Калк аймактардагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө нааразы

  19.04.13   17:01
 317

"Калк аймактардагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө нааразы",- деп билдирди бүгүн, 19-апрелде өткөн селектордук жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Анын айтымында, Нарын областынын Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда жазгы талаа жумуштары эми гана башталды. "Өкмөт дыйканчылык жана мал чарбасы үчүн дыйкандарга 1,5 млрд сом насыя бөлүп берди. Нефтетрейдерлер өздөрүнүн арзан баадагы күйүүчү май менен камсыздоо тууралуу убадаларын аткарып жатат",- деп белгиледи Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы органикалык жер семирткичтерди пайдаланууга көңүл буруу зарыл экенин баса белгиледи.

"Жетекчилер жазгы талаа жумуштары үчүн аларга эмне керек экенин так айтуулары кажет",- деп кошумчалады Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222918

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.