Сатыбалдиев вице-премьерге "Бүргөндү" көпүрөсүнүн курулушун текшерүүгө тапшырма

  19.04.13   17:04
 312

Бүгүн, 19-апрелде, болгон селектордук жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен областындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаковдон эмне себептен улам "Бүргөндү" көпүрөсүнүн курулушу эмдигиче баштала электигин сурады.

"Айыл чарба жана мелиорация министрлиги берген маалымат боюнча курулуш башталды, бирок сиз андай эмес деп жатасыз. Кимиңиздерге ишенүүгө болот. Эгерде баштала элек болсо себеби эмнеде? Каржылоо маселеси эбак эле чечилген",- деп белгиледи өкмөт башчы.

"Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев көпүрөнүн курулушу башталганын, Каржы министрлиги долбоорго 35 млн сом бөлүп бергенин маалымдаган.

Бирок Сатыбалдиев министрдин айткандарынан күмөн санап, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге эмне үчүн көпүрө салуу иши эмдигиче баштала электигин тактоо тапшырмасын берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222919

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.