Жантөрө Сатыбалдиев: Биз Centerra менен мунасага барышыбыз керек

  22.04.13   08:11
 261

"Биз Centerra менен мунасага барышыбыз керек. Centerra да келишимди токтотуу алар үчүн оор болоорун сезип атат жана сүйлөшүүлөргө кызыктар". Мындай пикирин КР премьер-министри Жантөра Сатыбалдиев 19-апрель күнү Коомдук биринчи каналдын түз эфиринде болгон маегинде белгилеп өттү.

Премьер ошондой эле Кумтөр боюнча эки комиссия – депутаттык жана мамлекеттик иштегенин белгиледи. "Экөөнүн тең жыйынтыктары коомго белгилүү. Өкмөткө үч айдын ичингде эмне кылуусу керектиги айтылган. 20 жылдан бери келе жаткан маселени бир ай же үч айда чечүү кыйын",- дейт ал.

Сатыбалдиев Кумтөр маселеси боюнча жетишилген эки тараптуу макулдашуунун эң жакгы көрсөткүчү катары – бул Кумтөрдү токтотпой аны иштетүүгө жетишүү болгонун баса белгиледи. "Биз бул көйгөйдөн сүйлөшүү жолу менен чыксак болот. Азыр тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат",- деди премьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222920

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.