Батукаевди бошоткондор аныкталса, премьер конституциялык укугун колдонот

  22.04.13   08:12
 279

19-апрелде КТРКнынтүз эфиринде курган маегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жарандардын суроолоруна жооп берди. Премьрге суроо берген жаран "эмне үчүн Батукаевди кетиргендер отставкага кетпейт?",- деп суроо салды. Премьер өз кезегинде азыр депутаттык комиссия түзүлгөнүн. тергөө жагын прокуратура карап атканын белгиледи "Эгер алардын күнөөсү аныктала турган болсо, премьер-министр өзүнүн конституциялык укугунан колдоно алат",- деди Сатыбалдиев.

Ошондой эле премьер жазгы талаа иштеринин солгун жүрүп атканын белгилеп, мындай абалдын жаралышына шалаакылык мамилени айтып, аны аба ырайына шылтаган атка минерлер бар экенин айтты. "Айыл-чарбада өнүгүү процессине түшүшүбүз керек. Быйыл мамлекеттин колдоосу менен 1,5 млрд сом жеңилдетилген кредит берилди",- деди ал.

Сатыбалдиев учурда бул кредиттер беш банк аркылуу берип атканын айтып, аны таркатууда кемчиликтер бар экенин моюндады. "Кредитти таркатууда анча-мынча кемчиликтер бар экен. Ошентсе да кредиттик ресурстар жетиштүү",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222921

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.