Премьер: Октябрга карата Токтогул ГЭСинде 15,5 млрд куб суу чогултуу керек

  22.04.13   08:16
 338

Премьер-министр Жантөра Сатыбалдиев 19-апрель күнү Коомдук биринчи каналдын түз эфиринде жарандардын суроолоруна жооп берди. Сатыбалдиев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. "Кереги жок убакта энергияны үнөмдөө керек. Токтогул ГЭСинде керектүү көлөмдөгү сууну топтоп алышыбыз керек. Ушул жылдын октябрына карата 15,5 млрд кубдан кем эмес суу топтошубуз керек. Эртең мененки жана кечки чыңалуу убакта жарандар да энергияны үнөмдүү пайдаланышы керек. Көп кабаттуу үйлөрдү жылытуучу казан мештердин да электр энеергиясынан башка альтернативдүү күйүүчү отуну болушу керек",- деди ал.

Премьер-министр ошондой эле, электр энергиясы үчүн 50-100 миң сомдон карызы бар чиновниктердин тизмеси түзүлүшү керектигин белгиледи.

Кыргызстанда кытай жарандарынын саны өсүп атканы жарандарды да түйшөлтүп атканы белгилүү болду. Түз эфирде жарандар Кыргызстанда мыйзамсыз келген кытайлыктардын саны арбып баратканын айтышып, анын алдын алуу керектигин сунушташты. Премьер өз кезегинде чет жактан келген жарандар атайын квотанын негизинде келерин, эгер мыйзамсыз келген жарандар боло турган болсо аны прокуратура кызматкерлери текшериши керектигин белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222923

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.